11

Февраль

2021

Корея Республикасынын Премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

img

Корея Республикасынын Премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. 

«Кыргыз Республикасы жана  Корея Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер активдүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан, биздин өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында  Электрондук Өкмөт, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте биздин өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо. 

Корея Республикасынын Премьер-министри Чон Се Гюн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповго чың ден-соолук, ал өлкөнүн элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.