15

Февраль

2021

Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Улукбек Мариповду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

«Иран Ислам Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды эске алуу менен, ошондой эле эки өлкөнүн мыкты экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен биз бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө күбө болоорубузга ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоо текстинде.