26
Февраль
Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы "Жел тийбес" суу насостук станциясына барды
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы "Жел тийбес" суу насостук станциясына барды.
Аталган жай айылдын 1 миң 800 гектардан ашуун жер аянтын суу менен камсыздап келет. Азыркы учурда союз учурунда орнотулуп эскилиги жеткен куурларын алмаштыруу зарылдыгы жаралган. Өкүл станциянын техникалык жабдыктарын оңдоо иштери каражатка ылайык этап менен жасалаарын айтты.
Аны менен катар кызмат көрсөтүүчү сервисде болуп, айыл чарба техникаларынын даярдыктарын көрдү. Мындагы жайда жергиликтүү жашоочулар тарабынан күйүүчү-майлоочу май жана минералдык жер семирткичтерге баа жогору болуп жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Облус башчысы бул жаатта жумуштар жүрүп жатканын, керектүү өлчөмдө төмөндөтүлгөн баада алуу үчүн шарт түзүлөөрүн билдирди.
Соңунда айыл эли менен жолугушуу өткөрүлүп, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелери жеринде талкууланды.