26
Февраль
Премьер-министр Улукбек Марипов ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Арксты кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Арксты анын өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуу алкагында тараптар Кыргыз Республикасы жана ЕККУ ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулады, анын ичинде алдыдагы шайлоо процессине, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү» демилгесине, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо, ошондой эле өз-ара кызматташтыктын башка маселелерине байланыштуу маселелер талкууланды.
Өз кезегинде ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс уюмдун Өкмөт менен жемиштүү кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы Улукбек Марипов Элчи Пьер фон Арксты Кыргыз Республикасындагы коопсуздук, экономика жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.