03
Март
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкуловдун 3- март “Мамлекеттик Туу” күнүнө карата куттуктоо сөзү:
Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу бүгүнкү иш чаранын катышуучулары!
Бүгүн Сиздер менен 3 - март “Мамлекеттик Туу” күнүн белгилеп отурабыз. Ата-Бабаларыбыздын “ каруусун казык кылып” жерибизди коргоп келген эр жүрөктүүлүгүнүн натыйжасында, ак калпак кыргыз эли кылымдарды карытып өз сапарын улап келет.
“Манас” эпосунда: “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй. Жер союлуп былкылдап, желеги алтын туу болду” - деген саптар, Кыргыз элинде мамлекеттин символу байыртадан эле бар экенин далилдейт.
Бүгүнкү күнү баарыбыз түбүндө бириккен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кызыл түстө. Анткени желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана бакубат жашоону чагылдырат.
Түндүк, өлкө калкынын биримдигинин символу болсо, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Андыктан, мамлекеттин символдорунун бири болгон туубузга аяр мамиле кылуу ар бир Кыргызстандын жаранынын ыйык милдети экени талашсыз.
Урматтуу бүгүнкү иш чаранын катышуучулары!
Сөзүмдүн аягында, жалпыңыздарды “Мамлекеттик Туу күнү менен ак дилимден куттуктайм!
Мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган Ата-Бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоого ар бирибиз аракет кылалы. Ушул жаркын майрамда, баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин!