06

Март

2021

Баткен облусунда баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына, Баткен облусундагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, майрам ээлерине жеткирди.   

М.Насиров, апаларды куттуктап“Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда, апалар, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымыңыздар зор.   Сиздер ар дайым урмат сыйга татыктуусуздар” деди. 

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы