11
Март
Премьер-министр Улукбек Марипов жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов өлкөгө расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Премьер-министр Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылы 30 жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин белгиледи.
«Кыргыз Республикасы кыргыз-түрк мамилелерине, анын өнүгүүсүнө өзгөчө маани берет, анткени бул – өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Түркия тарап бизге үзгүлтүксүз негизде колдоо көрсөтүп келет. Биз эки республика ортосундагы достуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан ары карай чыңдалышына өбөлгө түзүүбүз керек. Мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен түрк тарапка коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү жана жакын арада ачыла турган Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушу үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет», - деди Өкмөт башчы.
Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу белгилегендей, эки жактуу мамилелер жогорку деңгээлде турат. Анын айтымында, Түркия эки тараптуу мамилелерди, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар келечекте эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо тууралуу макулдашты.