12

Март

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

img

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы. 

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы

бир нече социалдык, инфраструктуралык  объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.