13
Март
Премьер-министр Улукбек Марипов үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылындагы “Таширов" үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кооператив 1997-жылы түзүлгөн. Ага 120 га жер таандык, анын ичинен 100 га - бул кайрак жерлер.
Дыйкандар Премьер-министрге сугат маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Улукбек Марипов тиешелүү органдар караштырып жана маселени чечүүгө зарыл болгон жардамды беришерин айтты.
Ошондой эле аэропортко бара жаткан жолдо Премьер-министрдин Савай айылынын жашоочулары жана борбордук базардагы эл менен пландалбаган жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар өздөрүнүн өтө зарыл маселелери жөнүндө айтып беришип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү сурашты.
Өкмөт башчы бардык, анын ичинде кат түрүндөгү кайрылууларды карап чыгып, козголгон маселелерди чечүүгө жардам берүүнү тапшырды.