15

Март

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы алгачкы IT EXPO «Connect. KG» көргөзмөсүн ачты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов видеоконференцбайланыш форматында өткөн алгачкы IT EXPO «Connect. KG» көргөзмөсүн ачты.

«Акыркы мезгилде өлкөдөгү IT-тармактын өнүгүүсү активдүү фазада жүрүүдө жана бүгүнкү иш-чараны өткөрүү муктаждыгы мурдатан бышып жетилген. Бүгүнкү күндө биз санариптик технологиянын болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүнө жана анын экономикалык өсүшкө, мамлекеттик башкарууга, тейлөө сапатына, бизнес жүргүзүү ыкмасына жана адамдардын жашоо мүнөзүнө олуттуу таасир берүүсүнө күбө болуудабыз, мында технологиялар экономиканын салттуу тармагын трансформациялап, көлөмдүү маалыматтар жаңы санариптик баалуу алтын катары, жасалма интеллект эмгек өндүрүмдүүлүгүн  бир топ жогорулатууда», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, заманбап санариптик инфраструктура мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандардын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет. «Акылдуу шаар», «акылдуу ферма», «акылдуу фабрика», же «акылдуу транспорт» сыяктуу «акылдуу» чечимдерди жапырт киргизүү үчүн мүмкүндүктөр пайда болот.

«Кыргыз Республикасынын жетекчилиги аркылуу өлкөнү өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиялык документтерди кабыл алуу боюнча активдүү иш жүрүүдө, анда IT-индустрия артыкчылыктуу жана татыктуу орунду ээлейт. Биздин Жогорку технологиялар паркыбыз жаш ишкерлер үчүн платформа болуп саналат. Мен демилгелерди өнүктүрүү, программалык камсыздоо жана тейлөө жаатындагы ийгиликтүү иштеп чыгуулар, ошондой эле  Google, Oracle, Amazon, Cybertek, Twitter сыяктуу эл аралык корпорацияларда эмгектенип жаткан мекендештердин жетишкендиги үчүн кубанычтамын», - деп кошумчалады Премьер-министр.

Улукбек Марипов белгилегендей, Өкмөт тараптан IT-секторду стимулдаштыруу үчүн Жогорку технологиялар паркы түзүлгөн күндөн тарта анын резиденттери камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча салык жана төлөмдөрдөн 15 жылга бошотулган. Мындан тышкары, уюмдун резиденттери үчүн киреше салыгынын өлчөмү болгону – 5%ды,  ал эми камсыздандыруу төлөмү, жалпы республика боюнча орточо көлөмдөгү айлык акынын өлчөмүнөн көз каранды түрдө 12%ды түзөт. Бүгүнкү күндө Жогорку технологиялар паркы дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө тейлөөнү экспорттойт. Буга байланыштуу иш-чаранын негизги максаты иштиктүү платформаны түзүү түрүндөгү конкреттүү натыйжаларга жетишүү болуп саналат, өз кезегинде бул атамекендик IT-тармакка карата эл аралык деңгээлде көңүл бурулуусун шарттайт», - деди Өкмөт башчы. 

«Аталган иш-чара республиканын IT-технологиялар жаатындагы бизнес субьектилеринин жана алдыңкы чет элдик IT-компаниялардын жолугушусу үчүн платформаны түзүү түрүндөгү конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенем», - деди Өкмөт башчы. 

Маалымдама: Кыргыз Республикасы мындай иш-чараны алгач ирет өткөрүүдө, анын жүрүшүнө дүйнө жүзү боюнча IT-индустрия тармагындагы белгилүү эксперттер, консультанттар, алдыңкы бизнесмендер катышууда.