16

Март

2021

Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасына» кол коюлду

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасына») Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жалпысынан 550,4 млн АКШ долл. суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган, алардын арасында төмөнкүлөр бар:

- Алгачкы баскычында 50 млн АКШ долл. капиталы жарыяланган Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү;

- Чүй облусунда 100 млн АКШ долл. суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы түзүү;

- Фергана областында «GeoBetonBagdad» ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 млн АКШ долл. суммасындагы долбоорду ишке ашыруу;

- 15 млн АКШ долл. суммасындагы «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу долбоору;

- 15 млн АКШ долл. суммасындагы медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык аспаптарды өндүрүү;

- 12,5 млн АКШ долл. суммасындагы мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргыз Республикасы аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;

- 10 млн АКШ долл. суммасындагы заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;

- Наркы 8 млн АКШ долл. турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;

- Наркы 8 млн АКШ долл. турган «Uni Mobile» ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу. 

Белгилесек, тараптар Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасына» киргизилген долбоорлорду ички мамлекеттик макулдашуудан өткөрөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып, же четке кагылышы мүмкүн.