19

Март

2021

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Мектептин жаңы программасы билим берүүнүн жогорку стандартын түзүшү керек

Мектептин жаңы программасы билим берүүнүн жогорку стандартын түзүшү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү, мектептик медицина жана мектеп спорту маселелери боюнча кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан Жаңы мектеп программасынын бетачары тартууланган иш-чарага өлкө аймактарынын мектеп директорлору жана мектеп окуучуларынын ата-энелери катышты.

Артем Новиков белгилегендей, эгемендүүлүк жылдары билим берүү тутуму бир нече ирет реформаланды. 

«Акыркы 10 жылда олуттуу өзгөртүүлөргө кабылган окуу программасы мыкты деп айтууга болбойт. Окуучулардын жетишүүсүнүн төмөнкү сапаты окуу программасынын ашыкча жүктөмүнө байланыштуу келип чыгууда. Бир жумалык сааттардын жалпы саны: математика боюнча сааттар 1-11-класстарда – 57 ден 52ге чейин, ал эми табигый илимдер боюнча предметтер боюнча 51 ден 46  саатка дейре кыскарган. Ошондуктан Билим берүү министрлигине учурдагы мектеп программасын базалык предметтер, анын ичинде табигый математикалык циклдер боюнча сааттарды жогорулатуу менен кайрадан карап чыгуу тапшырмасы берилген. Экономика жана финансы министрлигинин багыттамасы окуу пландарын даярдоо үчүн негиз болбошу керек. Келиңиздер, 1-11-класстар үчүн мектептик билим берүүнүн сапаттуу стандартын жана нормалдуу окуу программасын түзөлү, андан соң аны Экономика жана финансы министрлигинде коргойбуз», - деди ал. 

Артем Новиков билдиргендей, республика боюнча болгону 70 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери иш алып барат, алар балдардын кошумча билим алуудагы муктаждыктарын канааттандыра албайт. Мектеп программасы жана балдардын мектептен тышкаркы кошумча билим алуусу ортосундагы бирдиктүү билим берүү тутумун уюштуруу зарыл. Мектептер да балдар машыгуусу үчүн ийрим жана секциялардын санын жогорулатышы керек.

Ошондой эле директорлорду аттестациялоо маселеси зарыл процесс экндиги белгиленди. 

«Буга катар аттестация жакпаган директорлорду иштен бошотуу куралына айланбашы керек. Ал мектептерди аккредитациялоо менен байланышта каралышы керек. Аттестациянын жыйынтык максаты балдардын билим алуу сапатын жакшыртуу болушу керек, анткени, билимдүү балдар – элибиздин алтын фондусу саналат. Биз мектеп программасы, мектептен тышкаркы билим берүү, мектептик медицина,  мектеп спортунан баштап, мектептин, андагы балдарды тарбиялоо ишинин толук циклин калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшообуз керек. Бир-эки жылдын ичинде бул ишти жыйынтыктап, компоненттердин бөлүгүн 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке киргизүү зарыл», - деди ал жана мугалимдердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкү тапшырмалар берилди:

[В ответ на Марат Правительство]

- бир айлык мөөнөттө мектеп директорлору жана педагогикалык курамдын катышуусунда жумушчу топту түзүү жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоорун кайрадан карап чыгуу боюнча жол картасын даярдоо;

- окуу сааттарын кыскартууну четтетүү боюнча сунуштарды эске алуу менен базалык предметтер, анын ичинде табигый математикалык циклдер боюнча сааттарды жогорулатуу менен 1-11-класстар үчүн базистик окуу план долбоорун кайрадан карап чыгып, даярдоо;

- бир айлык мөөнөттө: балдардын мектептен тышкаркы уюмдарын уюштуруунун укуктук-ченемдик базасын инвентаризациялоо жүргүзүү, мектептен тышкаркы уюмдар тууралуу типтүү жобону жана мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн жолун жолдоочулугун камсыздоо иретиндеги сунуштарды эске алуу менен ийрим жана студиялардын типтүү программасын иштеп чыгуу; 

- мектептен тышкаркы уюмдардын ишмердүүлүгүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү жана мугалимдердин жүктөмүнө кирген факультативдик сабактар программасын иштеп чыгуу; 

- аймактарда ийрим студияларын жайгаштыруу үчүн бош турган имараттарды инвентаризациялоо; 

  - 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта мектеп спортун өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» долбоорун жана мектеп медицинасы долбоорун ишке киргизүү.