19

Март

2021

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Мүмкүнчүлүгү чектелген катардагы жарандарга колдоо көрсөтүп, жашоосуна тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине (РПОБМ) барды.

Артем Новиков протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү боюнча цехти кыдырып, мекеменин иши менен таанышып чыкты. 

«Мамлекет ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды бардык зарыл нерсе менен камсыздап, аларга көмөк көрсөтүүсү керек. Биз алардын көзкарандысыз жана толук кандуу жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүүбүз керек. Анткени, алардын коомдо калыптанышы мындан көзкаранды. Бүгүнкү күн бизден жаңы эрежелерди талап кылууда. Бир топ тажрыйбаларга ээ болгон аталган мекеме өнүгүүгө жол алып, модернизацияланышы тийиш. Ал үчүн инновациялык протездерди иштеп чыгуу менен алектенген жаш программист жана ишкерлер менен коллаборация мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. IT-технологияга таянуу менен биргелешкен күч-аракет аркылуу жаңы деңгээлге чыгууга болот. Мамлекет тараптан финансылык маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүлөт. Өнүгүүгө бюроктратиялык көрүнүштөр тоскоол болбошу керек», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.


Кеңешменини жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү тууралуу тапшырмасын баса белгиледи. Жабыркагандардын арасында колунан айрылган жана протезге муктаж болгон Ырыскелди Табышбек уулу аттуу жаш жигит бар. 

«Өкмөт аталган маселени чечүүнү өзүнө алат жана ага тийиштүү көмөк көрсөтөт. Биз өз тарабыбыздан мекемеден, медиктер жана программисттер тобунан Ырыскелди үчүн атайы протез даярдап чыгууга көмөк берүүсүн өтүнөбүз», - деп кайрылды адистерге Артем Новиков.

Кеңешмеде чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, ченемдик-укуктук базага өзгөртүү киргизүү, мекеменин макамын аныктоо, сунушталчу тейлөө кызматтардын тизимин кеңейтүү зарыл. Бүгүнкү күндө мекеме тараптан көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөр майыптыгы бар жактардын жана башка калктын аяр катмарынын протезге болгон муктаждыгын жаба албайт. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин технологиялык процессин жакшыртуу,  протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн жана көлөмүн аныктоо боюнча бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу, протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж болгон жактардын табалын толук кандуу жабуунун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизүү зарыл. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилигине жаңы муундагы бионикалык протездерди эске алуу менен башталгыч долбоорлорду иликтеп чыгуу жана каржылоо боюнча ишти күчтөндүрүү сунушталды.