01

Апрель

2021

Мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери көйгөйлүү маселелерди кабинетте отуруп эмес, жеринде чечиши керек

Мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери кабинетте отурбастан, көйгөйлүү маселелерди жеринде иликтеп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүсү тийиш. Район жетекчилери ар бир фермер менен өз-ара тыгыз аракеттешүүсү керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде мына ушул маселелерге токтолду.

«Айыл чарба өсүмдүктөрүнө карай муктаждыктарды жана аны эгүүдө райондоштуруу ыкмасын эске алуу менен так талдоолор жана тыкыр иштелип чыккан план болуусу зарыл.

Тармактык министрлик келерки сезондо сатуу боюнча көйгөйлөр жаралбашы үчүн дыйкандарга эмне өндүрүү керектиги тууралуу маалымдоосу керек. Республика боюнча пайдаланылбай жаткан, бирок айдоого ылайыктуу жер аянттары көп, эмне себептен биз аларды пайдаланбайбыз? Ар жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бир түрүнө басым жасоо менен башка түрлөрүнө карай тартыштык жаралууда. Кошумча айдоо жерлерин пайдалануу керек. Бул маанилүү маселе, аны жакынкы арада чечүү керек. Бул маселени көзөмөлгө алууну өтүнөм», - деп белгиледи Улукбек Марипов.