01

Апрель

2021

Республикалык штаб: Эпидемиологиялык абалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт

Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарынын, облустук жана райондук медициналык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.

«Акыркы кездери коомчулукта коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгы активдүү талкууланууда, жарандар өткөн жылдагыдай чектөө чараларын киргизүүгө тийиштүү тынчсызданууда. Белгилей кетсем, бүгүнкү күндө экономикалык ишмердүүлүктү жабуу, чектөөлөрдү киргизүү боюнча талаптарды кайтаруу болбойт. Экономикабыз аны көтөрө албайт. Олуттуу чектөөлөр болбойт. Буга катар жарандар коопсуздук чараларына жана каралган санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл. Сиздер көрүп тургандай, көптөгөн өлкөлөрдө олуттуу чектөөлөр киргизилип, оору күчөп жатат. Биздин өлкөдө күнүнө 100-150 ашуун адам ооруга кабылууда, бүгүнкү күндө абал көзөмөлдө турат. Мында биз абалдын начарлашына толугу менен даяр болушубуз керек», - деди Артём Новиков. 

Кеңешмеде саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлер, жеке коргонуу каражаттары, дары-дармек запастары, жабдуулар менен камсыздалышы, медициналык персоналдын даярдыгы маселелери каралды. 

Биринчи вице-премьер-министр ооруканаларга тийиштүү дары-дармектерди жана жабдууларды берүүдө бюрократиялык процедураларды кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Медициналык кызматкерлер бардык зарыл нерселер менен өз учурунда камсыз болушу керек. Бюрократиялык процедуралар кыскартылсын. Мен жергиликтүү бийлик органдары, шаар мэриялары ооруканаларга максималдуу көмөк көрсөтүүсүн өтүнөм», - деди ал. 

Жакынкы күндөрү эпидемиологиялык абал начарлаган райондорго ыкчам медициналык бригадаларды багыттоо үчүн резервдик тизмедеги дарыгерлердин жана медайымдардын даярдыгы камсыздалышы керек, ошондой эле резервде турган жана каалаган учурда аймактык саламаттык сактоо уюмдарына жөнөп кетүүгө даяр медициналык кызматкерлердин реестри түзүлүшү керек.  

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- эки күндүк мөөнөттө Чүй облусунда жана Бишкек шаарында резервдик койкалардын даярдалышын камсыздоо, ошондой эле аларды ачуу планы даярдалышы керек;

- Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте ар айлык график түзүп, фармацевтикалык компаниялар жана алардын дистрибьютерлери аркылуу өлкө аймагына дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын, антисептиктердин жетиштүү көлөмүн ташууну камсыздасын;

- жергиликтүү бийлик орган өкүлдөрү менен Бишкек шаарындагы жана Чүй областтарындагы үймө-үй кыдыруусун жандандыруусу;

- оору күчөгөн учурда жеке медициналык мекемелерди эсепке алганда, компьютердик томография жана рентгенден өтүү тейлөөсүнө бааны жөнгө салууну киргизүүнү иштеп чыгуусу. Тийиштүү меморандум түзүү, уюмдар менен биргеликте ыкчам бааны макулдашуу;

- жеке медициналык уюмдар менен биргеликте алардын стационарлары койко-фонддордун жалпы тутумуна киргизилиши менен акы төлөө негизинде калкка медициналык тейлөө көрсөтүүсү маселесин иштеп чыгуу;

- донордук уюмдардын эсебинен медициналык дары-дармектерди, жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик процедураларды жыйынтыктоону тездетүү, 2021-жылдын апрель айынын соңуна чейин жабдуу орнотулушун жана медициналык мекемелерге жеткирилишин камсыздоосу;

- менчик формасынан көзкарандысыз түрдө, 10-апрелге чейин салттуу режимде мектептерде окуган балдарды жана бала-бакчага барган балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү керек. Фактылар аныкталган учурда бекитилген алгоритмге ылайык чараларды кабыл алуу.

Жергиликтүү бийлик органдарына төмөнкүлөр тапшырылды:

- шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди так аткаруу;

- түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү жан анын начарлашы учурунда токтоосуз чектөө чараларын кабыл алуу.

Экономика жана финансы министрлиги Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте үчүнчү толкун күч алуусу ыктымалдыгына карай дары-дармектерге жана жабдууларга карата кошумча муктаждыктарды артыкчылыктуу камсыздоосу тапшырылды, ошондой эле коронавирустан вакцина сатып алууну каржылоосу, ага катар жеке уюмдардын эсебинен да сатып алуусу тапшырылды.

Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматына карантинде, же амбулатордук дарылоодогу жактардын жүргөн ордун көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеменин ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирген жактардын лабораториялык иликтөө жыйынтыктарын лабораториялык тастыктоо боюнча санариптик тутумду камсыздоосу тапшырылды.