05
Апрель
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: COVID-19 байланыштуу абал турукташканга чейин Бишкекте Медициналык тез жардам бригадаларынын саны көбөйтүлөт
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам борборуна барып, анын иши менен таанышты.
«Күн сайын коронавирус инфекциясынын катталган учурлары көбөйүүдө. Учурдагы шаар бийлигинин иши жетишсиз жана алсыз болууда. Коомдук жайларда, коомдук транспортто, базарларда жана соода борборлорунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай, эч ким беткап кийбестен, социалдык обочолонууну карманбай жатат. Ал арада COVID-19 оорусуна кабылгандардын саны өсүп жатат. Инфекциялык ооруканалар тездик менен толуп жатат. Бүгүнкү күндө кошумча стационарларды ачуу керек», - деди ал.
Мобилдик бригадалардын саны 8 ден 13кө чейин жогорулатылат, call-борбор күнү-түнү иш алып барууга өтөт. COVID-19 байланыштуу абал турукташканга чейин Кыргыз Республикасында Медициналык тез жардам бригадаларынын саны көбөйтүлөт, ошондой эле 5-апрелден тарта Бишкек шаарында жана Чүй облустарында коронавируска чалдыккандар үчүн резервдик койко-орундар ачылат. Атап айтканда, Улуттук госпиталда - 110 орун, анын 10 оруну - интенсивдүү терапия палатасында, Чүй областтык бириккен ооруканасында - 55 орун, анын 5и интенсивдүү терапия палатасында жайгашат. Бул биринчи гана бөлүгү. Муктаждыкка карай кошумча түрдө стационарларда дагы 1000 орун ачылат.
Биринчи вице-премьер-министр тармактык түзүмдөргө эпидемиологиялык иликтөөлөр боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды, анын ичинде контакттык жактар, мектепке жана бала-бакчаларга барган балдар тийиштүү убакта жеке обочолонууда болуусу тапшырылды. Тийиштүү маалыматтык тутум үстүбүздөгү жуманын соңуна дейре ишке киргизилиши керек.
«Өнөкөт оорусу бар жактарга өзгөчө көңүл буруу керек. Өнөкөт оорусу бар короновируска шектелип жаткан жарандар участкалык дарыгерлерге, Тез жардам кызматына, же мобилдик бригадаларга кайрылышы зарыл», - деди ал.
Ошондой эле абал курчуп кетсе, кошумча мобилдик бригадаларды, Медициналык тез жардам бригадаларын уюштуруу боюнча тапшырма берилди. Буга катар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Тез жардам кызматкерлерин колдоого алуу чараларын, ошондой эле медициналык адистерди жыл сайын окутуу жана комплекттөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуусу тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «кызыл зонада» иштеген дарыгерлерди тамактандыруу боюнча комплекстүү ишти жүргүзүүсү тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэриясына коомдук жайларда, коомдук транспортто, соода аянттарында, маданий оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди камсыздоо боюнча ишти күчтөндүрүүсү сунушталды.