10

Апрель

2021

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат

img

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.

Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.

 Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган  маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.