11
Апрель
2021
Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо жана референдумда добуш берди.
Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добушун берди.
Өкмөт башчы өлкө жарандарын референдумга жана жергиликтүү кеңешти шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ар бир жаран шайлоого толук жоопкерчилик жана мекенчилдик менен мамиле кылууга тийиш.