14
Апрель
«COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутуму менен Кыргыз Республикасынын 2 миңге жакын жараны колдонду

2021-жылдын 15-апрелине карата Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун маалыматтык тутуму менен Кыргыз Республикасынын 2 миңге жакын жараны (Бишкек шаарында – 1155 адам, Ош шаарында 767 адам) пайдаланды.
Белгилесек, «COVID-19суз саякаттайм» платформасы COVID-19 пандемиясы учурунда жарандардын кыймылын чектөөгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө начарлаган экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемеси колдонуучуга ишенимдүү лабораторияларда өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгын саякат башталганга чейин телефондун жардамы аркылуу ыкчам жана жеткиликтүү алууга жана аны долбоорго катышуучу-өлкөлөрдүн көзөмөл түйүндөрүндө жашыл QR-код түрүндө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумунун улуттук жана лабораториялык компоненттери Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун серверлеринде жайгаштырылган.
Маалыматтык тутумга тесттик режимде эки мамлекеттик вирусологиялык лаборатория (Бишкек шарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору) кошулган. Лабораториядагы адистер долбоордун маалыматтык тутуму менен иштөө боюнча окуудан өткөн.
Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен биргеликте «Бонецкий лабораториясын», «Гемотест», «Aqua lab», «Интермедикал» 4 жеке лабораторияны «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумуна кошуу боюнча иштерди алып барууда.