08
Апрель
2021
Нарында туризм тармагын өнүктүрүү аракеттери башталды
Нарын облусунда туризм тармагын өнүктүрүү багытында иштиктүү аракеттер башталды.
8-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө туризм тармагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн облустук Кеңештин биринчи отуруму өткөрүлдү.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, туристтер менен иш алып барган компаниялардын, эл аралык уюмдардын, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин башын кошкон отурумда туризм тармагын өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү талкууланды.
Отурумду алып барган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Кеңештин төрагасы Сабыркул Ашимбаев облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүндө туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрү зор экендигин белгиледи. Муну менен катар туризм тармагында иш алып барган уюмдардын башын кошкон ассоциация зарылдыгын, бүгүнкү күндө туристтерди тейлөө сапаты стандартка жооп бербей жаткандыктан тейлөө сапатын көтөрүү боюнча иш алып баруу керектигин айтып, бул боюнча сунуш-пикирлерди билдирүүлөрүн өтүндү.
Иш чарада "Чар Тревел" туристтик эс алуу жайынын жетекчиси Исабек Абдыгазиев, "Үсөнбак" эс алуу жайынын жетекчиси Үсөнбек Исмаилов, "Дистенация Жумгал" компаниясынын өкүлү Бектен Кадыров, Туристтик маалымат борборунун жетекчиси Талант Ниязбеков, СБТ туристтик компаниясынын жетекчиси Гүлира Кенжекараева жана башка бир катар туристтик уюмдардын өкүлдөрү тарабынан сунуштар айтылып, ой-пикирлер, көйгөйлөр ортого салынды.
Борбордук Азия университетинин деканы, доктор Сохеил Ашрафи мырза облустагы туризм тармагын өнүктүрүүгө болгон жигердүү аракеттерге жогору баа берип, облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин өтүнүчүн орундатып Нарын облусунун туристтик жайларын чагылдырган видео ролик тартуу үчүн колдоо көрсөтүшөөрүн билдирди.
Отурумда туризм тармагы боюнча иш алып барган ассоциация негизделип, туризм тармагынын стратегиялык программасын иштеп чыгуу үчүн ар бир райондун өкүлдөрүнөн жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топ түзүлдү.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.