10
Апрель
2021
Нарында үч айлык ишембилик жарыяланып, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат
Республика боюнча жарыяланган айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында Нарын облусунун аймагында жума сайын ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Бардык райондордо жана Нарын шаарында тазалык иштери колго алынып, бак-дарактардын көчөттөрү отугузулуп жатат.
Айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, көрктөндүрүү иштерин облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев өзү көзөмөлгө алып, бул иштердин башында турууда.
10-апрелде ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев баштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жалпы жамааты Нарын шаарынын 64 аймагындагы көпүрөнүн айланасын тазалап, таштандылардан арылтышты. Ошондой эле облустук, райондук, шаардык мекемелердин жамааттары бөлүнгөн аянттарын тазалашты.
Облус жетекчиси С. Ашимбаев Нарын шаарынын мэри Н. Молдокадыров менен бирге шаардын ичин кыдырып, тазалык иштерин көзөмөлгө алды. Жеке менчик дүкөндөрдүн, күркөлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айланасын ирээтке келтирүүгө чакырышты.
Тилекке каршы шаарыбыздын тургундары ишембиликтерге кайдыгер мамиле кылууда. Мекеме-ишканалардын кызматкерлери 5 күн жумуш менен алек болуп, эс алуу күндөрү коомдун жалпы кызыкчылыгы үчүн ишембиликке чыгып, бирөөнүн эшигинин алдын тазалап атса ошол жердеги тургундар кол кабыш кылгандын ордуна терезесинен кайдыгер карап турганы өкүндүрөт.
Андыктан шаарыбыздын, райондорубуздун бардык тургундарын өзү жашаган турак-жайларынын, өздөрү ишкердик кылган обьектилердин айланасын тазалап, көрктөндүрүүгө чакырабыз.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.