09
Апрель
2021
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Бакай-Ата районундагы бир катар көйгөй жаратып келген маселелер менен жеринде таанышып келди.
Алгач Бакай-Ата районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, референдум боюнча элге түшүндүрмө берди. Андан соң тургундардын көйгөйлүү маселелерин угуп, чечүү жолдорун айтты. Бакай-Ата райондук ооруканасынын жана Боо-Терек айылында курулуп жаткан оорукананын курулуш иштери менен таанышып өттү.
Ыйгарым укуктуу өкүл иш сапарынын соңунда Оро айыл өкмөттүн караштуу Май айылынын тургундары менен баарлашып алардын көйгөйлөрүн укту.
Облус башчысы, жолугушуу учурунда иш сапардын максаты ооруканалардын, мектептин курулуштары менен таанышуу жана айыл элинин муктаждыктарын аныктоо экенин айтты.