19
Апрель
2021
Бүгүн, 19-апрелде Бакай-Ата районунун райондук администрациясынын жыйындар залында Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкуловду ардактуу эс алууга узатуу иш чарасы болуп өттү.
Иш чарага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты.
Облус жетекчиси өз сөзүндө : Чолпон Төрөкулов, Бакай-Ата районунун акими кызматтын татыктуу аткарып облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор салып кошуп келгенин жана иш билги сапатын, уюштуруучулук жөндөмүн белгилеп өттү.
Чолпон Төрөкуловго көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Бакай-Ата районунун “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылды.
Чолпон Төрөкулов, өз учурунда Кара-Буура районун акими, Кара Буура райондук кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтарын ийгиликтүү аркалаган.