23

Апрель

2021

23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү белгиленүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасында болуп өткөн тегерек столдо китепкана кызматкерлери, окурмандар, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда, азыркы учурда китеп көп окулбай калганына байланыштуу, жаңы методдорду ойлоп табуу боюнча, балдарды китеп окууга кызыктыруу маселелери айтылды. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл алдыңкы китепкана кызматкерлерин, окурмандарды "Ардак грамотасы" жана китептер менен сыйлады. 
Белгиилей кетсек, Талас облусу боюнча азыркы учурда 74 китепкана бар. Ага облустук, райондук жана айылдык китепканалар кирет.