29
Апрель
Жалал-Абад облусунда үч айдын жыйынтыгы чыгарылды
Жалал-Абад облусунун 2021-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык тармактарда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, коллегияда талкууланды.
Ага Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район-шаар башчылары жана мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Жыйында областта 2021-жылдын үч ай аралыгында жалпысынан 7 млрд. 713 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 87,3%ды түзгөнү айтылды. Республикада өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүндөгү областтын үлүшү 12 пайызды камсыздаганы белгиленди.
Ушул жылдын 1-апрелине карата областтын аймагында 51 жаңы ишкана ачылып, 297 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Аймактарда 151 миң 607 чарба жүргүзүүчү субъектилер катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2 пайызга ѳскѳн. Айыл чарба жаатында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баада 101,6 пайыз продукция өндүрүлгөн.
Облус башчысы “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан жазгы айдап-себүү жумуштарынын алкагында жергиликтүү дыйкандарды арзандатылган күйүүчү майлар менен камсыздоо жумушу колго алынбаганын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Коллегияда өкүл үч айда район-шаар жетекчилеринен сырткы инвестиция тартуу көлөмүн сурап, бул багытта алгылыктуу жумуш аткарылбаганын сынга алды. Тышкы инвестициянын көрсөткүчү 393,5 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58 пайызга же 274,3 млн. сомго аз тартылган.
Жыйында 3 ай ичинде облус аймагында аткарылган жумуштар, кетирилген кемчиликтер, планга жетпей калган көрсөткүчтөр талкууланды. Аймактардын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүдө өз милдеттерин жеткиликтүү аткара албаган кызматкерлерге чара көрүлөрү эскертилди.