29

Апрель

2021

Жалал-Абад облусунда 157 үй бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү

Бүгүнкү күндө облустун аймагындагы кооптуу тилкелерде жалпысынан 1 миң 286 кожолук жашайт. Кооптуулукту жоюу максатында 1 миң 170 жолу жеке жарандарга жана майыл аймак башчыларына атайын эскертме берилген.   

Ушул жылдын 10-апрелине карата 5 үй-бүлө толук, 157 үй бүлө убактылуу жайларга көчүрүлгөн. Берилген эскертүүлөргө карабай жашап келе жаткан 35 үй бүлөнүн иши сот органдарына өткөрүлгөн. Областтын үч айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев ар бир жарандын өмүрү кымбат экенин айтып, жумуштарды тездетүү керектигин билдирди.