29
Апрель
COVID-19: Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда кырдаалга ылайык чектөөлөрдү кабыл алуу тапшырмасын берди
2021-жылдын үч айлык жыйынтыгын караган коллегияда, облуста инфекцияга каршы күрөшүүгө 45 миллион сомдон ашуун дары-дармектин кору бар экени маалымдалды. Аны менен бирге 7 миллион сомдук медициналык шаймандар камдалган. Бул каражаттар оору көбөйгөн учурда 3 ай мөөнөткө чейин жетери айтылды.
Өкүл калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жергиликтүү штабдар тийиштүү чечимдерди кабыл алышы керектигин билдирди. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 62 адам илдетке кабылган. Алардан 17си областтык ооруканада, 45и амбулатордук шартта дарыланууда. Чектөөлөр жергиликтүү штабдын чечими менен Жалал-Абад шаарында кабыл алынган.