29

Апрель

2021

Премьер-министр Улукбек Мариповдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда

img

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрү пландаштырылууда.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.