29
Апрель
2021
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси өттү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда.