29
Апрель
Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.
Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.
Эки өлкөнүн Премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.