30
Апрель
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков бүгүн, 30-апрелде, Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө саламаттык сактоо тутумунун, калкты эвакуациялоо, жабыркагандарды медициналык көмөк жана медикаменттер менен камсыздоо ишин координациялоо маселеси талкууланды.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.
Учурда биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунда жүрөт жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.