01

Май

2021

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү

img

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ош шаарында тийиштүү кызматтар менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу боюнча жабык кеңешме өткөрдү. 

Премьер-министрге учурдагы абал тууралуу маалымат берилди.

Эки мамлекет башчыларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү тууралуу жетишилген келишимине байланыштуу Улукбек Марипов Бишкек шаарына учуп кетти.