02
Май
«Баткенге көмөк» штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөттү
«Баткенге көмөк» Республикалык штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам: кир жуугуч каражаттарын, жеке гигиена каражаттарын, азык-түлүк, кийим-кече, төшөнчү-жууркан жөнөттү.
Саат 14.30да облуска 20 тонналык жүк салынган 1 унаа жөнөтүлдү;
Саат 00.00 дө облуска жалпы көлөмү 45 тонналык 2 унаа жөнөп кетти.
Жүк Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда фура менен жеткирилет.
Жалпы волонтерлорго, активисттерге, кош көңүл эмес жарандарга, коомдук уюмдарга жана бизнес-түзүм өкүлдөрүнө гуманитардык жардамды чогултууга жана ташууга көрсөткөн көмөгү үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.
Алардын арасынан Алканов Чыңгызды, «Прод Импекс» ЖЧК, «Шератон» мейманканасын, «Elite House» компаниясын, «Coca Cola Бишкек-Боттлерс» ЖАК штабдын ишине ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү жана гуманитардык көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө белгилеп кеткибиз келет.
Белгилесек, «Баткенге көмөк» Республикалык штабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүп, күнү-түнү жана дем алышсыз иш алып барууда.
Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалагандар 1227 телефонуна, же төмөнкү дарекке кайрыла алат: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч. 40, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы.