02

Май

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Өкмөт башчы Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.

«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз, ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», - деди ал.

Премьер-министр шейит кеткендерге куран түшүрүп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка алаарын белгиледи.