03
Май
Премьер-министр Улукбек Марипов Маргун айылында убактылуу жайгашкан жарандардан кабар алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов чек ара чатагынан улам Лейлек районунун Маргун айылында убактылуу жайгашкан Баткен облусунун тургундары менен жолугушту.
«Сиздердин айкөлдүгүңүздөргө чоң ыраазычылык билдирем. Кыйынчылыктарга карабастан Моргун айылындагы ар бир үй-бүлө коңшу айылдардын жашоочуларын кабыл алды. Бул жакшылыгыңыздардар эч качан унутулбайт. Сиздер мамлекетке гана колдоо көрсөпөстөн, соопчулук иш да кылып жатасыздар. Бул жакшылыгыңыздар сиздерге жүз эселеп кайтсын»,- деди Улукбек Марипов.
Баткен облусундагы окуялардын учурунда Маргун айылына коңшу айылдардын 10 миң тургуну келген, алар мында убактылуу баш калкалоого жай тапкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр жана жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлүү маселелерди талкуулады.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов билдиргендей, калктуу пунктта жакын арада социалдык объектилердин курулушу башталат, биринчи кезекте 225 окуучуга эсептелген мектеп салынмакчы.