07

Май

2021

2021-жылдын январь-апрель айында Өкмөттүн Аппаратына 2393 – кат жүзүндө жана 1 775 оозеки түрдөгү жарандардын кайрылуусу келип түшкөн

2021-жылдын январь-апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2393 – кат жүзүндө жана 1 775 оозеки түрдөгү жарандардын кайрылуусу келип түшкөн, алар төмөнкү тараптардан келип түшкөн:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты – 205 (8,56%);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – 129 (5,39%);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы – 120 (5,01%);

- электрондук кайрылуулар – 194 (8,11%).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында жеке маселелер боюнча  938 жаран кабыл алынган, анын ичинде жетекчилик тараптан 76 жаран кабыл алынган.

2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 1329 кайрылууга, же 2,25 эсеге көп болгон. 

Белгилей кетсек, кайрылуулар республиканын бардык аймактарынан келип түшкөн. 

Арыз, даттануу жана сунуш-пикирлердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 966 (40,36 %) түшкөн, андан соң Чүй облусунун – 385 (16,08%), Жалал-Абадской облусунун – 157 (6,56%) жана Ош облусунун – 151 (6,31%) тургундарынан келип түшкөн. 

Жарандардын кат жүзүндөгү кайрылууларынын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот:

- жеке кабылдама боюнча - 273 (11,41%);

- турак-жай маселеси - 206 (8,69%);

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар - 189 (7,89%);

- кадрдык маселелер, жумушка орноштуруу, эмгек талаштары жана айлык акы тууралуу - 103 (4,30%);

- Ички иштер министрлигинин маселелери - 99 (4,13%);

- саламаттык сактоо жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун иши боюнча маселе - 94 (3,92%);

- банк түзүмдөрүнүн, микрокредиттик компаниялардын маселеси - 89 (6,14 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министерство жана ведомстволорунда авторлор тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана көрсөтүлгөн фактыларды иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.