19
Май
2021
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев COVID-19 каршы вакцинация алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев Бишкек шаарындагы № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирус инфекциясына каршы «Sinopharm» вакцинасын алды.
Азамат Дыйканбаев калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандарды андан үлгү алууга, вакцинациялоого активдүү катышууга чакырды.