20
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бир катар көйгөйлүү маселелер менен кайрылган Ош облусунун тургуну менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова социалдык мүнөздөгү бир катар маселелер боюнча ага кайрылган Ош облусунун тургуну Орозбү Ашымбаева менен жолугушту.
Атап айтканда, ал Кара-Кулжа районунун, ошондой эле өзү жашаган Чалма айыл өкмөтүнүн калкын тейлөө үчүн 1 медициналык Тез жардам унаасын бөлүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары, ал Ош облустук медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын бөлүмүндө кызынын үй-бүлөсүнүн майыптыгын тастыктоо максатында экспертизадан өтүү маселесин кароону суранды.
Ошондой эле ал Чалма айыл өкмөтүнүн калкынын ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселесин көтөрдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Орозбү Ашимбаеванын үй-бүлөсүнүн майыптыгын тастыктоо иретинде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын текшерүүсүнөн өтүүсүнө көмөктөшүүнү тапшырды жана бул маселени жеке көзөмөлүнө алды.
Буга катар ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жогоруда айтылган маселелерди иштеп чыгып, анын жыйынтыктары боюнча Орозбү Ашимбаевага милдеттүү түрдө маалымдап турууну тапшырды.