22

Май

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов: Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат. Ал үчүн бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапа-рынын жүрүшүндө Кадамжай шаарынын базарына барды.

«Министрлер Кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун кам-сыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарларды импорттоодобуз. Бирок биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздообуз керек», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы күндө керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы менен таанышып, базарга келген тургундар менен, андан соң, жер тилкесин иштеткен дыйкандар менен пи-кир алышты.

Мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы № 9 орто мектепте жүрүп жаткан ондоо иштери менен таанышты. 

2018-жылы объектиде иштер башталып, акча каражатынын өз мөөнөтүндө бөлүнбөгөндүгүнөн улам иштер жыйынтыкталбай калган. 

Улукбек Марипов социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө басым коюлуп жаткандыгын эске алуу менен, башталган иштердин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Маалымдама: Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы №9 орто мектебин оңдоонун жалпы сметалык наркы 31,7 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 13 миллион сом сарпталды. Оңдоо иштери үч кабаттуу типтүү имараттын бир кабатында гана аяктаган.