29

Май

2021

ФОТОРЕПОРТАЖ - Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара алкагында Азербайжан   Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушуу орун алды. 

Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь Республикасынын Президенти  Александр Лукашенко кабыл алды. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду, Минск шаарындагы Жеңиш Монументине гүлчамбар коюу аземине катышты жана Ч.Айтматов атындагы паркка барды.