03
Июнь
Улукбек Марипов Кыргызстандагы Казакстандын Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду.
Улукбек Марипов Элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.