05

Июнь

2021

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен мамлекеттик комиссиясынын жолугушусунун протоколу

Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен мамлекеттик комиссиясынын жолугушусунун протоколу 

Кун тартиби

"Карамык" чек ара түйүнү районундагы түзүлгөн абалды кароо (ПТ 12/9).

Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын теңтөрагалары Ташиев К.К. жана Ятимов С.С. Мамлекеттик чек аранын аталган участогундагы түзүлгөн кырдаалды талкуулап, бардык маселелерди тынч жол аркылуу гана чечүү зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти. 

Тараптар келип чыккан көйгөйдү тыкыр талкуулап чыккан соң, төмөнкүдөй чечимге келди:

1. Ар бир тараптын чек ара постун 3 км ичке карай артка жылдыруу.

2. Аскерлерди, аскердик жабдууларды туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү, штаттык чек ара наряддарын гана калтыруу. 

3. Аталган чек ара участогундагы жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды. 

4. Мамлекеттик чек арадагы ар бир иш-аракет Тараптардын теңтөрагалары менен алдын ала макулдашылышы керек. 

5. Тараптардын чек ара наряддары тийиштүү жүрүм-турум линиясын сакташы тийиш.

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мурда кол коюлган протоколдордун кабыл алынган чечимдерине ылайык, эки тараптан макулдашылган маалыматтын гана берилүүсү.

7. Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ПТ № 12\2 дан ПТ № 12\9 чейинки участогун сүрөттөп жазууну жыйынтыктоосу тапшырылды.

8. Тараптар чек арадагы айылдардын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү тийиш.

9. Тараптар ушул протоколдун пункттарын так сактоону макулдашты.


КР Мамлекеттик чек арасын 

делимитациялоо жана демаркациялоо

боюнча мамкомиссиясынын жетекчиси

Ташиев К.К.


ТР Мамлекеттик чек арасын

делимитациялоо жана демаркациялоо

боюнча мамкомиссиясынын жетекчиси

Ятимов С.С.