08

Июнь

2021

Улукбек Марипов жана Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келген Татарстан  Республикасынын (Россия Федерациясы)  Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады, ошондой эле өз-ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү аракеттешүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашты.

«Татарстан  Республикасы менен өз-ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санасы жалпы саналат жана аларды чыңдообуз зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстан  Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу 10 ашуун келишимдерге кол коюлгангандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстан  Республикасынын Премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналаарын белгиледи.