08

Июнь

2021

Жылдыз Бакашова жана Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев «Сабантуй» элдик майрамына арналган иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Татарстан  Республикасынын (Россия Федерациясы)  Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев «Сабантуй» элдик майрамына арналган иш-чарага катышты.

«Кыргыз Республикасы Татарстан  Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн жогору баалайт жана сыймыктанат. Ошол эле учурда биздин кызмиатташтыгыбыз ишке ашырылбаган олуттуу потенциалга ээ. Биз республикалар ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн көлөмдүү иштерди аткаруубуз керек», - деди Жылдыз Бакашова өз куттуктоо сөзүндө.

Ал ар тараптуу багыттардагы кызматташтыкты активдештирүү жана достук байланышты өнүктүрүү эки тараптуу кыргыз-татар мамилесин чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишеним билдирди.

«Сабантуй элдердин биримдигин жана ынтымагын арттырган жаркын майрам болуп саналат. Биздин жалпы тамырыбыз катары көп кылымдар бою түптөлгөн маданиятыбыз жана каада-салтыбыз гана саналбастан, элибиздин достугу жана бир туугандык мамилеси курулуп келе жаткан бузулгус пайдубалы саналат», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова.

Өз кезегинде Василь Шайхразиев белгилегендей, Татарстан  Республикасы өз ара кызыкчылыкты пайда кылган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр.