11

Апрель

2021

Нарын облусунда шайлоого катышуунун болжолдуу жыйынтыгы чыгарылды

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматтарга ылайык, Нарын облусунда референдумга 82958 адам, же жалпы шайлоочулардын 40,63 пайызы  катышты.

Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын  шайлоодо 80114 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын  41,8 пайызын түздү. 

Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча 59 айылдык кеңеште жана Нарын шаардык кеңешинде шайлоолор болду. 

Шайлоо өнөктүгүндө 820 мандатка 9 саясий партиянын курамында 2130 талапкер ат салышты.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.