14
Апрель
2021
Нарын облусунун жетекчиси чемпион Эрназар Акматалиевди куттуктады
9-11-апрель күндөрү Казакстан Республикасында өткөн олимпиадалык тандоо мелдешинде Теңир Тоонун жаш балбаны, 23 жаштагы Эрназар Акматалиев атаандаштарын жеңип, Токиодо өтүүчү жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алды.
Бул жеңиш кыргыз элин, айрыкча теңиртоолуктарды сыймыкка бөлөдү. Чемпионду Нарын эли урмат-сый менен тосуп алышты.
14-апрелде Эрназар Акматалиевди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев кабыл алып, ак калпагын кийгизип, акчалай сыйлыгын тапшырды. Эрназардын күйөрманы катары анын Казакстандагы ийгилигин толкундануу менен кабыл алгандыгын айтып, түпкү атасы Мамаке баатырдай кыргыз элине кызмат кылган уулдардан болуусун жана алдыдагы олимпиадалык оюндарда жеңиш менен келүүсүн тилек кылды.
Иш чарада Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Эркин Арабаев да куттук жолдоп, Эрназар Акматалиевге жана анын машыктыруучусу Канат Акматалиевге башкармалыктын сыйлыгын ыйгарды.
Эрназар буга чейин Жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки жолу 2-орунду камсыздаган, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, ошондой эле “Тахти Кубогу” эл аралык мелдешинде чемпион болгон.
Ал Нарын районунун Орто-Нура айылында 1998-жылы төрөлүп, Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте билим алган. Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинде спорттук карьерасын баштаган.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлунүн басма сөз кызматы.