18
Апрель
2021
Нарында "Тайлак баатыр" кинотасмасы тартылды
Нарында тартылып жаткан "Тайлак баатыр" кыска метраждуу кино тасмасы аяктап, 17-апрель күнү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында бетачаар аземи болуп өттү.
19-кылымдын 1796-1838-жылдарында Теңир Тоодо жашап өтүп, кыргыз элин калмактардын баскынчылыгынан жана Кокон хандыгынын эзүүсүнөн сактоо менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө бараандуу салым кошкон улуттук баатырыбыз Тайлак баатыр Рыскул уулу жөнүндө тартылган тасмада элибизди ынтымакка, мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоого үндөгөн башкы идея камтылыптыр.
Кино тасманын бетачаар аземине катышкан Нарын облусунун жетекчиси Сабыркул Ашимбаев бул кыска метраждуу фильм жакынкы келечекте Тайлак баатыр жөнүндө чоң тасманын тартылышына башат болуусун тилек кылып, тасманын авторлоруна жана аны тартууга салым кошкон бардык инсандарга облустун эл-журтунун атынан терең ыраазычылык билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ыраазычылык каттары тасманы тартуу идеясынын автору жана продюсери, Эл аралык Ч.Айтматов жана М.Рыскулов атындагы сыйлыктардын ээси Жолдошбек Жанжигит уулуна; көркөм тасманын демөөрчүсү, Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Мирбек Раимовго; көркөм тасманын режиссеру, Эл аралык "Надежда" сыйлыгынын лауреаты, актёр Медин Учкеевге; көркөм тасманын композитору, КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жээнбаевге; ошондой эле тасманын сценарийин жазгандар, КР тарых илимдеринин кандидаты, обончу, жазуучу Кайнарбек Бийлибаевге жана адабиятчы Улан Турдалиевге ыйгарылды.
-Тасма үстүбүздөгү жылдын февраль, март айларында Ат-Башы районунун "Таш-Рабат", "Кошой-Коргон" тарыхый жайларында М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын чыгармачыл жамаатынын катышуусунда тартылды. "Тайлак баатыр" кыска метраждуу көркөм тасмасын тартуу ишине башынан аягына чейин Ак-Талаа районунун кулуну, жеке ишкер Мирбек Раимов демөөрчүлүк кылды. Мындан сырткары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурбек Сатаров жана Кара-Суу, Казыбек айылдарынын эли колдоо көрсөттү. Чыгармачыл топтун тамак-ашын каржылап, тасмага тартыла турган элди уюштуруп, мине турган аттардан бери даярдап беришти. Мен бул адамдарга терең ыраазычылык билдирем,-дейт чыгарманын продюсери жана автору Жолдошбек Жанжигит уулу.
Анын айтымында, көркөм тасманын идеясы кыргыз элинин башын кошуп, ынтымакка чакыруу, мамлекеттүүлүгүбүздүн маанисин элдин аң-сезимине жеткирүү болуп саналат. Чыгармада башкы каармандын ролун ойногон Жолдошбек Жанжигит уулу Тайлак баатырдын ой-толгоосу аркылуу тасманын идеясын ачып берген. 7 мүнөттүк тасмада Тайлак баатырдын согуштук эпизоддору камтылбаганы менен баш каармандын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө мүдөөсү айкын чагылдырылып, кыргыз элин мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоого үндөп турат.
Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргызстанда биринчи жолу драмалык театр тарыхый кино жаратты. Башкача айтканда, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын актерлору тарыхый кино тасмага тартылышты.
Тасманын бетачаар аземине Тайлак баатырдын урпактары да катышып, чыгармачыл топко терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле Ат-Башы жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрацияларынын сыйлыктары чыгармачыл топко ыйгарылды.
Буюрса келечекте Тайлак баатыр тууралуу мамлекеттик деңгээлдеги көлөмдүү тарыхый кино тартылат деген үмүтүбүз зор.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.