20

Апрель

2021

Ат-Башы районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 20-апрель күнү жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борбору ишке кирип, салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. 

Мындай заманбап тейлөө борборлору буга чейин Нарын шаарына жана Кочкор районуна ачылып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүп келет. Ат-Башы районундагы Калкты тейлөө борборуна дагы Кыргыз Респубикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын өздүк булактарынан акча каражаты сарпталып, заманбап эмеректер жана комьютердик жабдуулар менен камсыздалган. 

Борбордо жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү учурунда зарыл болгон банк, касса, дарек-маалымдама бюросу, сүрөт кызматы, ксерокөчүрмөлөө жана сурап-билүү кызматтары жайгаштырылган. Кайрылган жарандар зарыл болгон документтерди имараттан сыртка чыкпай туруп эле топтой алышат. 

Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев аталган борбор акжолтой болуусун тилек кылып, бул жерде элибиз үчүн ар кайсы имараттарга барып убара болбой документтерин бир жерден бүтүрүп алуусуна жана калкты тейлөө толугу менен санарип форматында жүргүзүлгөндүктөн бюрократиялык, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. Мындай шартты түзүп берген Мамлекеттик каттоо кызматына терең ыраазычылык билдирди. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева: “Мамлекетибиздин жарандарынын саны жылдан жылга өсүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын эң негизги максаттарынын бири - жарандарыбызга ыкчам, жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана адам факторун кыскартуу болуп саналат. Бүгүн ушул максаттарыбыздын бирине жетип, Ат-Башы районунда заманбап Калкты тейлөө борборун ачып жатабыз. Бул жерден жарандарыбыз Мамлекетти каттоо кызматынын 36 түрүн пайдаланса болот”,-деп белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча заманбап 26 Калкты тейлөө борбору ишке берилсе, Өкмөт тарабынан дагы 11 заманбап борбор ачуу планы коюлган. Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында мындай борборлор ачылды. Жакында Ак-Талаа, Жумгал райондоруна ачуу иши пландалууда.  

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.