20
Апрель
2021
Ат-Башы районунда Социалдык фонддун имараты пайдаланууга берилди
Ат-Башы районунда Социалдык фонд башкармалыгынын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.
Эки кабаттан турган заманбап имарат Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан каржыланып, 8 миллион 474 миң сомго курулуп бүттү. Курулуш ишин “Бейшенбай курулуш” ишканасы жүргүздү.
Имараттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкулу Сабыркул Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Улан Асанов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров, ошондой эле райондук Социалдык фонд башкармалыгынын ардагерлери, кызматкерлери катышып, акжолтой имарат болуусун тилек кылышты. Ошондой эле мамлекет тарабынан элди сапаттуу тейлөөгө көңүл бурулуп жатканы белгиленди.
Ачылыш азем имараттын алдына карагайдын көчөттөрүн отургузуу иш чарасы менен коштолду.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.