24

Октябрь

2016

2016-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын расмий визити болот

2016-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын расмий визити болот.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланышы пландаштырылууда жана бир катар документтерге кол коюлат.

2016-жылдын 3-ноябрында ШКУ мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөөгө арналган маселелерин кеңири талкуулаган Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ШКУ кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

маалыматтык камсыздоо бөлүмү